Тажикстан жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда 6 маселе каралууда

Тажикстандын Кожент шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары Адахан Мадумаров менен Амиркул Азимов жетектеген өкмөттүк комиссиянын 3-марттагы жолугушуусунда жол, чек ара, суу, акыркы мезгилде чектеш аймактардагы эки өлкө атуулдарынын тирешүүлөрүнүн себептери, жайытты пайдалануу жана эң негизгиси Ош-Исфана жолундагы талашта турган 275 метр бөлүк боюнча маселелер каралууда. Ушул убакыттарда бул жолугушуу жыйынтыктала электигин облустук акимчиликтен билдиришти. (JsA)