Орто Азияда журналисттердин коопсуздугу терең коркунучка кептелди

Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген “Айгай” гезитинин башкы редактору Кенжебек Арыкбаевдин айтымында, коомдун ачык күзгүсү болгон журналисттер өздөрү үчүн эмес мамлекеттин өнүгүүсү үчүн иштеп жатышса, аларга күч колдонуп, кол салууга чейин барганы өкүндүрөт. “Мындай окуя эртең ар бирибиздин башыбызга туш келиши мүмкүн. Ошондуктан мен журналисттерди биригүүгө чакырат элем”,-дейт Арыкбаев. Ал ошондой эле бийлик тарабынан массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга атайын жарлык же мыйзам чыгаруусу зарылдыгын, мамлекет тарабынан колдоо керектигин кошумчалады. (AJ)