АКШда жеңил машина соодасы өткөн айда 41 пайызга төмөндөдү

Бул – акыркы 28 жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Кошмо Штаттарында экономикалык артка чегинүүнүн шартында машина соодасы 15 ай катары менен төмөндөөнүн үстүндө болуп жатат. Өткөн айда Женерал Моторс алдыңкы жылдын ушул эле айына караганда 53 пайызга аз машина саткан. Форддун АКШдагы соодасы 48 пайызга азайса, Жапониянын Тойота машиналары бул өлкөдө 40 пайызга аз сатылган.