Сунушту бүгүн, 6-март күнү парламенттин пленардык отурумунда киргизээри тууралуу кыргыз өкмөтүнүн ЖКтеги өкүлү Мырза Капаров билдирди. Парламенттин басма сөз кызматынын маалымдоосу боюнча “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгарууга байланыштуу маселе жалпы пленардык отурумга тиешелүү комитеттердин жана фракциялардын толук кароосунан өткөндөн кийин, келерки жумада коюлушу ыктымал. Антитеррордук күчтөрдүн аба базасын чыгарууга байланышкан документ КР ТИМ тарабынан парламентке февраль айынын орто ченинде берилген.(ZKo)