Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбетов Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын Көркөм кеңешинин жетекчиси болуп дайындалды. Д.Байдөбетов Москвадагы Луначарский атындагы тетралдык окуу жайынан билим алып, 1972-жылы чыгармачылык чыйырын Ош облустук театрында баштап, 1989-жылга чейин иштеген. 1989-1991-жылдарда Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип, 1991-жылдан бери кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылыгын улантып келет. Ал театр сахнасында дүйнөлүк жана орус классиктеринин, жергиликтүү драматургдардын пьесалары боюнча коюлган спектаклдерде ондогон башкы каармандардын облразын жараткан. “Кыргыз-фильм” киностудиясында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повести боюнча тартылган кинотасмада Ильястын ролун, “Кыямат” романы боюнча тартылган “Акбаранын” көз жашы көркөм тасмасында Базарбайдын, “Саманчынын жолунда” Субанкулдун ролун жогорку чеберчиликте аткарган (AJ)