Түркия АКШны «армян геноцидин» атабоого чакырды

Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан АКШ президенти Барак Обаманы жүз жыл мурда армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп атабоого чакырды. NTV сыналгысына берген маегинде, министр Бабажан мындай кадам Түркия менен Армениянын жанданып келе жаткан мамилесине терс кесепетин тийгизээрин белгиледи. 20дан ашуун өлкө 1915-1917-жылдары Осмон империясынын маалында армяндарды массалык өлтүрүүнү геноцид деп тааныганы менен, расмий Вашингтон ал кыргынды айыптаган, бирок геноцид деп атоого шашылбай турат.