Түрк ишкерин өлтүргөн деп шектелген адам бир жыл мурун эле кармалган

2007-жылы 9-декабрда Таласта башына жана курсагына атылып өлтүрүлгөн түрк ишкер Четин Серветтин өлүмүнө тиешеси бар, деп издөөдө жүргөн 35 жаштагы И. Абдыкадыров 28.01.08 кармалды, деген маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы 2008-жылы 29-январда тараткан. Маалыматта ошондой эле түрк ишкери өлтүрүлгөн жерден 9 миллиметрлүү 1 гильза табылганы да кошумчаланган.
Ал эми түрк ишкери Аликбек Жекшенкуловго таандык тапанчадан атылып өлтүрүлгөнүн баллистикалык экспертиза аныктады, деген ИИМдин корутундусунда ишкерди өлтүрүп кетишкен жерден эки гильза жана бир ок табылган, деп жүрөт. Бүгүн маалымат жыйынын өткөргөн Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери бул боюнча бир жактуу жооп бере алышкан жок, аталган башкармалыктын башчысы Алтынбек Бообековдун айтуусунда өткөн жылы кармалган Илияс Абдыкадыровдун иши сотко ашырылган. Ал эми калган ошол кылмышка тиешеси барлар жана ошол кылмышты ишке ашырууга колдонулган курал боюнча өзүнчө тергөө өндүрүшү ачылган, дейт Алтынбек Бообеков.
2007-жылы 9-декабрда Таласта өлтүрүлгөн түрк ишкери Аликбек Жекшенкуловго таандык тапанчадан атылган, деген корутундунун негизинде кечээ ИИМ оппозициялык БЭКтин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду камакка алган. А. Жекшенкуловдун адвокаттары жана тарапкерлери бул иш атайын жасалган, саясий куугунтук, деп белгилешүүдө.(ZKo)