А.Абдырасулова Ноокат окуясы боюнча Москвада маалымат жыйынын өткөрөт

Бул тууралуу маалымат жыйынын өткөрө турган “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ноокат окуясын иликтеген коомдук комиссия орус укук коргоочулары менен биргеликте бүгүн Москвада маалымат жыйынын өткөрөт. Кыргызстандык укук коргоочу Ноокат окуясына катышы барларды катаал жазалоону сындап келатканы маалым.(AiT)