Президент чуулгандуу автокырсыкты иликтөөдөн кабар алды

Чуулгандуу автокырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз, бирок анын акыркы жыйынтыгы чыга электе каза болгондордун жакындарынын жүрөгүн ооруткан бүтүмдөрдү жасап, аны саясатташтыруунун кереги жок. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев кечээ Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кабыл алганда билдирип, тергөө тобу иликтөөнү дыкат жүргүзүүгө тийиш экендигин эскертти. Министр Конгантиев болсо азыр иликтөөнүн 18 түрү, анын ичинде каза болгондор ким экендигин тактоо жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады. Өрттөнүп кеткен үч адамдын ким экендигин ДНК аркылуу аныктоону азыр Казакстандык адистер да жүргүзүп жатышат.(BD)