Түркия президенти Иракта тарыхый визит менен жүрөт

Абдула Гүл Багдадга кечээ келди. Бул Түркия мамлекет башчысынын Иракка акыркы 30 жылдан ашуун мезгилден бери биринчи ирээт баруусу. Абдулла Гүл ирак лидерлери менен эки күнкү сүйлөшүүлөр учурунда күрд козголоңчуларынын маселесин талкуулары күтүлүүдө. Анкара Күрд Жумушчу партиясынын согушкерлери Түркияга Ирактын түндүгүнөн келип кол салууда деп эсептейт. Ирактын президенти , улуту боюнча күрд Жалал Талабани кечээ Абдула Гүл менен жолукан соң ПККын согушкерлерин куралдсызданууга же Ирактан кетүгө чакырды.

Түркиянын президенти Иракка акыркы ирэт 1976-жылы барган.