Бишкек митингисинде бийликке 20-апрелге чейин мөөнөт берилди

Бул тууралуу “Ата- Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Бишкектеги нааразылык акцияда билдирди. Бул убакыт аралыгында бийлик күч органдардын башчыларынын баарын алмаштырып, калыс турумдагы адамдарды коюшу керек. Бул органдардын курамынын жарымы оппозициядан болушу зарыл. Улуттук биринчи канал, ЭЛТР коомдук телкомпаниясынын байкоочулар кеңешине, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жарым-жартылай оппозициядан түзүлүшү керек. Эгер бул талаптар аткарылбаса 20-апрелден тарта оппозиция өлкө боюнча мөөнөтсүз акция баштайт. Президент Курманбек Бакиевди шайлоого чейин кетирүүгө аракет жасалат, деди. Ө. Текебаев. (EBM)