Пакистандык талиптер жаш кызды жазалаганы тартылган видео жарыяланды

Видео тасмада талиптер эки апта мурда Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө чоочун эркек менен мамилеге баргандыгы жоромолдонгон жаш кызды ур-токмокко алып жатканы чагылдырылган. Сват өрөөнү талиптерди колдогон эскичил диниятчылар тарабынан көзөмөлдөнүп келет. Расмий Исламабат бул аймакта тынчтыкты камсыз кылуу үчүн шариятты башкы мыйзам катары киргизүүгө өткөн айда уруксат берген.