Шайлоо алдындагы үгүт иштери 18-июндан башталат

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Шайлоону өткөрүү иш-планына ылайык, үгүт иштери 18-июндан башталып 22-июлга дейре созулат. Үгүт шайлоого 24 саат калганда калганда токтотулат. БШК ММКларда бардык талапкерлерге үгүт маалында бирдей мүмкүнчүлүк берилишин көзөмөлгө алат. 23-июлда өтө турган президентик шайлоого талапкерлерди каттоо 18-июнда жыйынтыкталат. (EK)