Окуучулардын окуп түшүнүү жөндөмүн текшерүү башталды

PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык иликтөөсүнө Кыргызстандагы эки жүзгө жакын мектептин 9-класстарынын окуучулары катышмакчы. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Мээрим Кадырованын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн башталган иш-чара 16-апрелге чейин уланат. Быйыл бул иликтөөгө алтымыштан ашык өлкө катышып, он беш жаштагы окуучулардын берилген текстерди окуп түшүнүү жөндөмү иликтенмекчи. Кыргызстан алгачкы жолу мындай изилдөөгө 2006-жылы катышып, иликтөөгө тартылган 57 мамлекеттин ичинде эң начар көрсөткүч менен акыркы орунду ээлеген. Анда окуучулардын так илимдер боюнча сабаты, аны турмушта колдоно билүүсү бааланган болчу. (EBM)