“Жаңы Кыргызстандын” Баткендеги бөлүмдөрү кайра иштей баштады

Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп жаңыдан шайланган Төлөмырза Нишанбаев 6-апрелде «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, партиянын жетекчиси Үсөн Сыдыковдун көрсөтмөсү менен облус аймагында жер-жерлерде баштапкы уюмдар кайрадан түзүлүп, шайлоо алдынан жандуу иштөөнү ниет кылып жатышат. Облустук төрага 2-майда Ош шаарында түштүк аймак боюнча курултай өткөрүлүп, 23-июлда өтүүчү президенттик шайлоодо «Ак жол» партиясынын талапкерин колдоо тууралуу кайрылуу кабыл алынаарын кошумчалады. Эскерте кетүүчү нерсе, ушул жылдын башында аталаган партиянын Баткен облусундагы бөлүмдөрү өз ишмердүүлүгүн токтоткон болчу. (JsA)