Президент Бакиевге Азия Олимпиадалык кеңешинин алтын ордени ыйгарылды

Орденди кечээ өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда Азия Олимпиадалык кеңешинин президенти Шейх Ахмад Аль Фахад Аль Сабах тапшырды. Сыйлыкты шейх президенттин спорт жаатына олуттуу көңүл бурганы, кыргызстандык спортчулардын акыркы жеңиштери үчүн деп түшүндүрдү. Жолугушууда тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын да талкуулашты. Президент Кувейт мамлекетинин Эмирин Кыргызстан кайсы учурда болбосун тосуп алууга даяр экендигин айта барууну шейхтен өтүндү. (BuS)