Италиядагы жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондордун саны 260тан ашты

Өкмөт башчысы Силвио Берлускони билдиргендей, дагы 17 миң киши азыр убактылуу лагерлерде жашап жатат. Дүйшөмүдө 6.2 балдык жер титирөөдөн 40 сааттан кийин урандылардан 20 жаштагы бир кызды тирүү алып чыгышты. Берлускони куткаруу иштери дагы 2 күн уланаарын бышыктады.