Таиланд бийликтери Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин саммити болбой калганын жарыялашты

Өлкөнүн Патайя аттуу курорттук шаарында өтмөкчү болгон 16 өлкө катыша турган саммитке бийликке каршы уюштурулган нааразычылык акциялары жолтоо болду. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин Патайядан тик учактар менен чыгарып кетишти. Таиланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чиноватанын тарапкерлери кыйкырык сүрөөн менен бир катар мамлекеттик имараттарга кирип барышты. (CUT 12 sek) Бийликтер Патайя жана ага танапташ аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялашты. Таиланддын премьер-министри Абхисит Ветчачива күч органдары менен чукул жыйын өткөрүп, жакынкы арада тартипти калыбына келтирүү үчүн чара көрүлөрүн айтты. Ал эми нааразылык акциясына чыккандар пермьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышууда.