Нарын шаарында «Жаш таланттар-2009» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Нарын шаарында «Жаш таланттар» кароо сынагы жыйынтыкталды. Нарын облусунун туш тарабынан келген12 жаштан 16 жашка чейинки ар тараптуу өнөрпоз окуучулардын корутунду концертти облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында болуп өттү. Облус алкагындагы «Жаш таланттар» фестивалынын баш байгеси Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Айсана Оморовага улуттук аспаптарда чебер ойногондугу үчүн ыйгарылды. Айсана мындан төрт жыл мурда же ал 2-класста эле Түркиянын Стамбул шаарында болгон Эл аралык «Түрк дүйнөсү» фестивалына катышып, диплом менен сыйлангандыгын калыстар тобунун төрайымы «Балтаттуу» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Мамбеталиева белгиледи. Айтмакчы 1997-жылы негизделген республикалык жаш таланттар кароо-сынагы 12 жылдан бери карай Нарын облусунда үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. (KUs).