Өкмөт башчы Игорь Чудинов парламент комитетинде баяндама жасоодо

Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитети угуп жаткан баяндама Кыргыз өкмөтүнүн 2008-жылкы аткарган иштери боюнча даярдалган. Премьер министрдин баяндамасы эртең фракциялардын кароосунан өтүп, 16-апрелде жалпы сессияга чыгарылмакчы. Парламент комитеттери өкмөттүн 2008-жылы аткарган иштери менен таанышууну өткөн аптада баштаган. (BuS)