АКШ өкмөтүнүн экономиканы кризистен чыгаруу аракеттеринде жылыш бар

Бул тууралуу президент Барак Обама Вашингтондогу Жоржтаун университетинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Бирок Обама экономика мурдагыдай эле кыйын-кыстоо кезеңде турганын, кризис уланып жатканын да жашырбады. Экономиканын төмөндөшү бир аз басаңдай түшкөнүн Федералдык резервдер системасынын башчысы Бен Бернанке да 14-апрелде белгиледи. Статистикалык маалыматтарга ылайык, АКШда жумушчу орундар кыскарып, ишсиз калгандардын саны өткөн айда 8,5 пайызга жетти.