Кошмо Штаттары Түркмөнстан аркылуу жүк ташуу боюнча келишим түзүүгө аракеттенүүдө

Мамкатчынын жардамчысы Ричард Баучердин айтымында, ал Ооганстанга согуштук эмес керек-жаракты жеткирүүнү Ашхабатта түркмөн президенти Гурбангули Бердымухамедов менен шаршемби күнү талкуулады. Вашингтон буга чейин бул жаатта Орусия, Казакстан, Өзбекстан менен макулдашуу түзгөн.