Маданият жана маалымат министри С.Раев жалалабаттыктардын көйгөйлөрүн укту

Облустагы маданият кызматкерлери министр менен жолугушууда козгогондой, китепканалар көркөм-адабий жаңы китептер менен толукталган жок. Көөнө иш-кагаздарды сактоочу мекемелердин (архивдердин) имараттары эски. Жергиликтүү тележурналисттердин да маянасы аз. Мамлекеттик гезиттер келишим менен тапкан каражаттардын 20 пайызын салык кыркып алат. Маселе өкмөткө коюлганы менен али чечиле элек. Мындай көйгөйлөргө жооп узаткан министр беш миллион сомго чыгарылчу китептер китепканаларга акысыз таркатыларын билдирди. Имараты бүткөн ЖТРдын жабдууларына өкмөттөн 2 миллион сом каражат бөлүнгөн. Күзгө карай тележурналисттердин айлыгы көбөйүшү ыктымал. Бул жөнүндө кабарды облустук бийликтин маалымат кызматы таратты.(YA)