Жалал-Абат облусундагы кырсык күтүлгөн жайлар көзөмөлдө

Облустун Кара-Алма айылында жер көчкү жылууда. Ал аймакта жашаган 7 үй-бүлөгө бөлөк жакка көчүү сунушталды. Кооптуу жай бир жумадан бери көзөмөлдө турат. 22-апрелде Майлуу-Суу шаарынын Түштүк Кайрагач деген жеринен жүз метрлик жарака кеткен. Жараканын чоңоюшу шаарды Сары-Бээ айылы менен туташтырган жолго зыян келтириши ыктымалдыгын бүгүн Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (YA)