Азербайжан прокуратурасынын расмий маалыматына караганда, ал окуу жайында ок ачкан Фарда Гадыровдун досу болчу. 29 жаштагы Гадыров 30-апрелде Макаров тапанчасынан 13 кишини өлтүрүп, полиция имаратты курчоого алганда өз жанын өзү кыйган. Кылмышка эмне себеп болгону белгисиз.