“Ак шумкар” партиясынын курултайы башталды

Бишкектеги “Достук” мейманканасында өтүп жаткан курултайга Кыргызстандын жер-жерлеринен чакырылган 56 делегат катышууда. Күн тартибиндеги негизги маселе 23-июлда боло турган президенттик шайлоого катышуу болмокчу. Курултайды партиянын лидери Темир Сариев сөз сүйлөп ачты. “Ак шумкар” саясий партиясынын курултайына БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов да расмий чакырылып, катышууда.(ZKo)