Бүгүн Кыргызстанда Конституция күнү белгиленет

Бул күнгө байланыштуу президент Курманбек Бакиев кыргыз калкына куттуктоо жолдоп, “1993-жылы кабыл алынган Конституция аркылуу кыргыз эли эркиндик жана демократиянын шартында жашоого умтулуусун көрсөткөн, элибиздин ошол эрки бүгүн да мамлекетибиздин өнүгүү багытын аныктап жатат”,-деп белгилеген. 1993-жылы кабыл алынган Конституция 16- жылдын ичинде жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду.(AiT)