10 автоунаа уурдап саткан Ош шаарынын тургуну Баткенде кармалды

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан 5-майда «Азаттыка» билдиришти. Маалыматка караганда, 5-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жол кырсыгы катталып, анын себепкери ГАЗ-2106 автоунаасынын айдочусу, 22 жаштагы Ош шаарынын тургуну болгон. Иликтөө учурунда аталаган айдоочу буга чейин Кыргызстандын аймагынан 10 жеңил автоунааны уурдап Баткен облусу аркылуу Тажикстанга саткандыгы белгилүү болгон. (JsA)