Корейлик ишкерлер Ысык-Көлдө шаар, жол кургусу келет

Жогорку Кеңештин маалыматына караганда төрага орун басары Кубанычбек Исабеков баштаган депутаттар тобу бүгүн Түштүк Кореядан келген “АХА” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алар сунуштаган бир нече долбоорду талкуулашты. Жолугушууда корейлик ишкерлердин Ысык-Көлдө социалдык обьектилерди, өнөр жай ишканаларын жана технопарк куруу, Караколдогу же Тамчыдагы жүргүнчүлөрдү ташуу аба майданын, автожолду кайра оңдоп чыгуу өңдүү демилгелери талкууланды. Ошондой эле жолугушууда тоо өнөр жайы, кен-байлыктарды иштетүү жаатындагы кызматташтык тууралуу да сөз болду. (BuS)