Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев 23-июлда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышуу арызын 6-майда тапшырды. Бүгүн БШКнын жыйынында Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо маселеси каралат. Социал-демократиялык партиянын лидери менен президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз бергендердин саны тогуз болду.(AiT)