Азия курулуш компаниясынын жетекчиси А.Турдубаева камакка алынды

Аны бир айга камакка алуу чечимин Свердлов райондук соту кечээ (9-майда) чыгарды. Адина Турдубаеваны жума күнү Улуттук каналда уюштурган 9-майга карата ойнотулган лотереяны өткөрүп чыккандан кийин укук коргоо органдары кармап кетишкен. Анын үстүнөн үй алуучу 5 кардар “акчаларын төлөп коюуп, үйлөрдүн курулушун бүтүрбөй жатат”,-дешип доо арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бул тууралуу А.Турдубаева мүчө болгон “Пенсионерлер” партиясынан билдиришти. Бул боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)