Пакистанда чукул абал жеңилдетилгенде карапайым тургундар жабыла качышууда

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө пакистан армиясы талибдерге каршы кеңири масштабда операция жүргүзүп жатат. Армиянын пресс-катчысы Насир Хандын билдиришинче, армия талибдерге чабуул жасаганга чейин төрт оодандын тургундарына орун которуп кетүүгө жети саат убакыт берилди.