Бокс боюнча эл аралык таймашка кыргызстандык 7 спортчу катышууда

Казакстандын Чымкент шаарында бүгүн  бокс боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш башталды. Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин билдиришинче, таймашка Кыргызстандан 7 боксчу катышып жатат. Эл аралык мелдешке жалпысынан Борбор Азия жумуриятындагы  Түркмөнстандан башка бардык мамлекеттерден спортчулар келди. (EBM)