Усама бин Ладендин денесин деңизге көмүштү

Усама бин Ладендин өлүгүн Пакистандын телеканалы көрсөттү, 2-май, 2011

Бул тууралуу АКШнын президентинин администрациясындагы булакка шилтеме менен бир топ жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Муну алар өлгөн денени тезирээк көмүү тууралуу шариаттын талабы менен түшүндүрүштү.

“Ал-Кайида” террор уюмунун лидери Усама бин Ладен өлтүрүлгөнү тууралуу өткөн түнү АКШнын президенти Барак Обама жарыялаган эле. Анын айтымында, Америкада 2001-жылдын 11-сентябрындагы террор актыларын уюштурган бин Ладенди 1-майда Пакистанда америкалык аскерлер өлтүрүшкөн. Аскерлер тараптан же жергиликтүү тургундардан операция учурунда эч ким жабыркаган эмес.

Президент Обама муну “Ал-Кайидага” каршы күрөштөгү ири жетишкендик катары баалады. Бирок терроризмге каршы күрөш ушуну менен эле токтоп калбайт, деди.

"Биз дагы бир жолу бышыктап айтып коюшубуз керек – АКШ исламга каршы күрөшүп жаткан жок жана эч качан күрөшпөйт, - деди Обама. - Мен бул тууралуу буга чейин да айткам. Президент Буш да 2001-жылдын 11-сентябрдагы теракттан кийин айткан болчу. Биз исламга каршы согушуп жаткан жокпуз. Бин Ладен мусулман болгон эмес, ал мусулмандарды массалык түрдө кырган. “Ал-Кайида” бизде да, башка өлкөлөрдө да мусулмандарды өлтүргөн. Ошон үчүн бин Ладендин өлүмүн дүйнөдө тынчтыкка жана адамдын ар-намысына ишенген бүтүн адамзат сүйүнүч менен кабыл алышы керек".

Дүйнөдөгү америкалыктарга Усама бин Ладендин өлүмү тууралуу кабардан кийин террористтерден жооп иретинде чабуул болушу мүмкүн экени эскертилди, элчиликтерге этият болууну буйрушту.