Балдарга кам көрүүгө арналган форум ишин баштады

"Борбор Азия, Түркия жана Азербайжанда балдарга кам көрүү системасын реформалоо жана кайра түзүү" деп аталган эл аралык форумга эл аралык уюмдардын жана аталган мамлекеттердин балдар иштери боюнча адистери менен өкмөт өкүлдөрү катышып жатышат. Анда балдарды асырап алуу, балдар үйлөрүн жакшыртуу жана алардын укугун коргоо көйгөйлөрү талкууланып жатат. Форумда өткөн айларда кыргыз коомунда карама-каршылыкты жараткан асыранды балдардын маселеси да козголду. Вице-премьер-министрӨктөмхан Абдуллаеванын айтымында, чет өлкөлүктөр кыргызстандык балдарды сатып алды деген маалыматтар негизсиз болушу мүмкүн жана азыр канча баланы, кандай жагдайда чет өлкөлуктөр асырап алгандыгы териштирилип жатат. Абдуллаева Жогорку Кеңештин эки депутаты чет өлкөлүктөр, анын ичинде АКШнын жарандары асырап алган 18 баланын тагдырын иликтөө үчүн Америкага барарын кабарлады. Андан тышкары жетим балдардын үйлөрүндөгү балдардын санын жыйырмадан ашырбай, андай үйлөрдүн санын көбөйтүү жана материалдык абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.(BD)