Бишкек шаар соту Э.Бөлөкбаев боюнча өтүнүчтү 20-майда карайт

Мындай маалымат "Жашылдар" партиясынын өкүлү Каныбек Сарымсаковдон алынды. Анын айтымында, партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен берилген арызды кароону Бишкек шаардык сот 20-майга белгиледи. Эркин Бөлөкбаев 27-апрелде Петровка чатагы маалында Бишкек-Ош жолун тосуп, массалык башаламандык уюштурду деген кине менен кармалган.Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки ай абакта кармоо чечимин чыгарган. Мындай чечимди өзгөртүү арызын Бөлөкбаевдин жактоочулары шаардык сотко жолдогон.(BD)