Мектептерде жалпы республикалык тестирлөө 22-майда башталат

Билим берүүгө баа берүү жана окутуу ыкмасы борборунун маалыматына караганда, жалпы республикалык тестирлөө Бишкекте жана Чүй облусундагы мектептерде 22-23-майда өткөрүлөт. Башка аймактарда 27-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Тестирлөөгө эл аралык уюмдардын, бейөкөмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү байкоо жүргүзүшөт. (AJ)