Иран 2 миң чакырымга жетчү ракетаны сынактан ийгиликтүү өткөрдү

Бул тууралуу сынак өткөрүлгөн Семнан вилайетинде жүргөн Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад кабарлады. “Сежил-2” ракетасы Израилге жана Перс булуңунда жайгашкан америкалык аскер базаларга чейин жете алат.