Молдова: Парламент президентти шайлай алган жок

Молдованын парламенти шайлоонун биринчи айлампасында президентти шайлай алган жок. Бийликтеги Коммунисттер партиясынан көрсөтүлгөн талапкер, премьер-министр Зинаида Гречаныга бир добуш жетпей калды. Гречаны 101 орундуу парламенттен 61 добуш алышы керек болчу. Оппозициялык партиялар тизмеде өзүнүн талапкери болбогону үчүн бүгүнкү шайлоону бойкоттошту.