АКШ Пакистанга бир жарым миллиард доллар берет

АКШ Конгрессинин Тышкы иштер боюнча комитети Пакистанга жардам берүү тууралуу сунушту жактырды. Ага ылайык, 2013-жылга чейин жылына Вашингтон Исламабадга бир жарым миллиард доллар өлчөмүндө жардам берип турат. Президент Барак Обаманын бул планы Пакистан өкмөтүнүн экстремизмге каршы күрөшүн колдоого багытталган.