Бүгүн Малазиянын парламентинин Бишкекте иш сапары менен жүргөн төрагасы Тан Сри Пандикар Амин Хаджи Мулиа жетектеген парламенттик делегациясынын сапары аяктайт. Жогорку Кеңештин вице-спикери Азиз Турсунбаев менен бирге делегация кечээ Ысык-Көлдө болуп, ал жердеги эс алуу жайлары менен таанышты. Спикер Кыргызстандын жаратылышына кызыгып, эки мамлекеттин ортосунда туризм тармагында кызматташууну өркүндөтүү зарылдыгын билдирди.(BD)