Жаңы төшөлүүчү куур Ирандан башталып, Индияга чейин жетүүсү керек. Тегерандан түшкөн маалыматтарга караганда, документке кечээ Иран, Ооганстан, Пакистан президенттеринин ал жерде өткөн саммити учурунда кол коюлду. “Дүйнө кууру” деп аталган долбоорду беш жылда ишке ашыруу мерчемделген. Куурдун узундугу долбоор боюнча 2 миң 700 чакырымга жетип, сыйымдуулугу күнүнө 150 миллион кубометр газ өткөрүүгө эсептелген.