Бүгүн молдолордун демилгелүү тобунун кайрылуусу облус жана Жалал-Абат шаар бийлигине тапшырылды. Алар 30-майда митинг өткөрүүнү болжошууда. Мындай маалымат 25-майда облустун мурдагы казысы Дилмурат ажы Орозовдон алынды. Ал бийликтегилер митинг деген сөздөн чоочугандыктан кайрылууга жыйын деп жазууга аргасыз болгонун билдирди. Анда мусулмандардын укугун коргоо талабы коюлат. Акцияны уюштурууга айрым гезиттердеги макалалар менен мектепте жоолукчан жүрүүгө тыюу салуулар себеп болду. Анын айтымында, өлкө коопсуздугуна шек келтирчү “Акрамия”, Хизбут-ут Тахрир жана “Таблиг жамаат» деген уюмдарга (динге үгүттөгөн дааватчыларга) жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Дилмурат Орозов акцияны уюштуруу демилгеси чыккандан бери күч уюмдары чакырып, сураштырганын кошумчалады. (YA)