Еврокомиссиянын баш кеңсесинен 2 миң киши сыртка чыгарылды

Еврокомиссиянын Брюсселдеги баш кеңсесинен өрт тапалаңынан улам кишилер сыртка чыгарылды. Бул маалда Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу маалымат жыйынын өткөрүп жаткан. 2 миң киши иштеген имаратта чын эле өрт чыгып-чыкпаганы азырынча белгисиз. Жакында эле ушул эле имаратта өрт чыгып, ал бир апта жабык болгон.