Европанын футбол боюнча эң абройлуу мелдешинин финалдык оюну кечээ түнү Римде өттү. Испаниянын Каталония жергесинин футболдук клубу катары эсептелген “Барселона” Британиянын “Манчестер Юнайтед” клубун 2:0 эсеби менен жеңди. Муну менен “Барселона” Чемпиондор лигасынын мелдешин үчүнчү ирээт утуп алды. Эгер мелдешти “Манчестер Юнайтед” жеңгенде, ал Европанын Чемпиондор лигасын эки жыл катары менен уткан биринчи клуб болмок.