Ооганстандын жергиликтүү бийлик өкүлүнүн маалыматына ылайык, коопсуздук күчтөрү талиптердин кайсы жерде чогулушаарынан алдын ала кабардар болуп, чабуул коюшкан. Анын ырастоосунда, полиция же жайкын тургундар арасында жоготуулар жок, бирок НАТОнун бир жоокери жарадар болду. Түндүк альянстын түштүк Ооганстандагы маалымат катчысы операция болгонун тастыктап, ошол эле маалда 27 согушкер өлтүрүлгөнүн айтты.