Грузин оппозициясынын Тбилисидеги нааразылыгы уланууда

Президент Михаил Саакашвилинин кызматтан чегинүүсүн талап кылган оппозиция жактоочулары кечээ бир нече саатка Тбилисинин шаар бийлигинин имараты алдына жыйналышты. Грузиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, полициянын жарандык кийимчен жүргөн бир нече офицери сабалып, бирөөсү бычак жеген.

Президент Саакашвилини авторитаризмди күчөткөнү, Орусия менен былтыркы согушта жаңылыштык кетиргени үчүн айыптаган оппозиция жактоочулары нааразылык акциясын 9-апрелден бери өткөрүүдө. Соңку күндөрү оппозиция жетекчилигинде ажырым болгону да байкалып жатат. Радикал лидерлердин темир жолдун, аэропорттун иштөөсүнө жолто кылуу жөнүндөгү чакырыктарын байистүү лидерлер айыптады.