Талапкер К. Бакиевдин пайдасына 1 миллион 200 миң кол тапшырылды

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Курманбек Бакиевдин ишенимдүү өкүлдөрү топтолгон колдорду облустук жана шаардык комиссияларда текшерүүдөн өткөрүп, 1 июнда Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. К.Бакиевдин шайлоо фондуна 6 миллион 500 миң сом каражат салынды. Бул бүгүнкү күнгө карай калган 11 талапкер ичинен эң көп чогултулган каражат. Ал эми Алмазбек Атамбаев өзүнүн шайлоо фондуна 600 миң сом салган. Өз фондуна эң аз акча салган талапкер Мурат Боромбаев болуп турат. Ал фондуна 6 сом гана салган.(AiT)