М.Садыркуловго байланыштуу иш боюнча райсот чечимин 5-июнда чыгарат

Бул тууралуу Аламүдүн райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекеттик айыптоочу айыпталып жаткан Өмүрбек Осмоновду 13 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Үстүбүздөгү жылы 13-мартта Кой-Таш айылына жакын жерде болгон жол кырсыгынан “Лексус” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, андагы президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, президенттин эл аралык стратегиялык инстутутунун мурдагы директору Сергей Слепченко, айдоочу Кубат Сулайманов күйүп кеткен. “Лексус” атоунаасын сүзүп алган “Ауди” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов бул окуя боюнча айыпталууда. (AJ)