Кыргыз-Москва шаардык өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот

Бүгүн Москвада боло турган жыйында Кыргызстандын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектейт. Өкмөттөр аралык комиссиясынын жетинчи отурумунда Кыргызстан менен Москва шаарынын соода-экономикалык жана башка багыттагы кызматташуулары талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)